Окуялар
Өзгөндө 13 жашар бала асынып алган, өлүмүнө туугандары шектелүүдө

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
ϴзгөн районун Кызыл-Октябрь айылында 13 жашар бала үйүнүн короосунда асынып турган абалда табылган.
Аймактык милиция Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен иш козгоду.
Кылмышка өспүрүм туугандары шектелип, кармалды.
Ош облустук психиатрия жана наркология берген маалыматында, шектүүлөр аларда каттоодон турушкан.



