ДүйнөОкуялар

Түштүк Кореяда заводдо өрт чыгып 20дан ашык адам каза болду

Түштүк Кореядагы заводдогу өрттө 20дан ашык адам каза тапты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка караганда, Хвасондогу литий аккумуляторлорун чыгарган заводдогу тилсиз жоодо көз жумгандардын саны 22ге жетти. Алардын көбү кытайлык жарандар.

Каза тапкандардын саны дагы да өсүшү мүмкүн экендиги айтылууда. Анткени дайынсыз жоголгон кызматкерлер да бар. Өрттө 2 киши олуттуу, ал эми алты адам жеңил жаракат алган.

Түштүк Кореяднын Тышкы иштер министрлиги каза тапкандардын үй-бүлөлөрүн колдоо максатында өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен тыгыз кызматташууну пландоодо.

Сеул шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан заводдо өрттү өрт өчүрүүчүлөр чектөөгө алышкан. Каза тапкандардын баары фабрикалык корпустун экинчи кабатынан табылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button