Окуялар

Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров үй камагына чыкты

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Улан Жапаров президенттин атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу.

Ал биринчи ирет 2023-жылдын июнь айында бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип, кармалган. Төрт айдан кийин үй камагына чыгарылып, иши сотко өткөн. 

Экинчи ирет быйыл июлда ал бирөөнүн ишенимине кирип өзгөчө ири өлчөмдөгү суммага алдаган деп шектелип, кайрадан камалган эле. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button