Коом

Күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага 17-январда үчүнчү операция жасалат

Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасында билдирди. 

“Келбетим акырындап калыбына келе баштады. Мага жардамын аябаган биздин жана Москванын врачтарына ыраазымын”, — деген Ногойбаева. 

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Аселге былтыр октябрда Москвада пластикалык операциянын биринчи этабы жасалган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.

Эске салсак, 2023-жылдын сентябрында Асел Ногойбаева Сокулуктагы үйүндө мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов тарабынан бычакталып, кулак-мурду кесилген. Эстебесов 20 жылга кесилип, Ногойбаевага компенсация катары 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button