Окуялар
Россияда 9 айлык наристе ваннага чөгүп каза болду

Россиянын Красноярск шаарында 9 айлык наристе сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаш эне 9 айлык кызын 2 жаштагы уулу менен ваннага калтырып, өзү ашканада музыка угуп, идиш жууп жаткан. Бир маалда уулунун кыйкырыгын укканда гана чуркап барган. Тилекке каршы, сууга чөгүп калган наристени дарыгерлер сактап кала алган эмес.
Окуя боюнча тергөө иштери башталып, балдарды кароосуз калтырган эне эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.



