Дүйнө

Камерунда президенттик шайлоо башталды

Бүгүн, 29-сентябрда, Камерунда президенттик шайлоо расмий түрдө башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазышууда.

Маалым болгондой, өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик кызмат орду үчүн 12 талапкер, анын ичинде бир аял ат салышууда. Үгүт иштери эки жумага созулуп, 12-октябрда өтө турган президенттик шайлоо менен жыйынтыкталат.

Өлкөнү 43 жылдан бери башкарып келе жаткан  президент Пол Бия бийликтеги Камерун Элдик-Демократиялык Кыймылынын атынан кайрадан шайлоого катышууда. Пол Бия дагы жети жылга узартууга аракет кылууда.

 Башкы атаандашы катары Социал-демократиялык фронттун өкүлү Жошуа Осих каралууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button