Коом
Бишкекте аялдамаларга токтотулган унаалар эвакуацияланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтогон унааларга каршы рейд өткөрдү. Бул тууралуу басма сөз катчысы билдирди.
Бул иш-чаранын максаты – коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөө.
Рейддин алкагында бир күндө аялдамаларга токтотулган 27 унаа аныкталып, айып короо жайына киргизилди.
Урматтуу айдоочулар, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратпоо үчүн аялдамаларга унааңыздарды токтотпооңуздарды суранабыз.



