Дарыгер алкоголдун тиш эмалына тийгизген таасирин түшүндүрдү

Дарыгер Ирина Буторина алкоголдук ичимдиктер тиш эмалынын түзүлүшүнө кандай таасир тийгизерин айтып берди.
Анын айтымында, көпчүлүк алкоголдук ичимдиктердин pH деңгээли төмөн болуп, деминерализацияга — тиш эмалынын үстүңкү катмарынын жумшаруусуна алып келет. Айрыкча бул терс таасир шампан, кычкыл коктейлдер жана айрым шараптарды колдонгондо күчтүү байкалат.
«Кычкыл чөйрө эмалдын түзүлүшүн “бошоңдотуп”, анын ичине кирет да, үстүңкү катмарын бузат. Мунун фонунда кызыл шараптар, ликерлер, мөмө-жемиш кошулган коктейлдер жана башка түстүү ичимдиктер эмалга тереңирээк сиңип, анын өңүн өзгөртөт», — деп түшүндүрдү дарыгер.
Мындан тышкары, алкогол слюна бөлүнүп чыгуусун азайтат.
Ал эми шилекей кислотаны нейтралдаштыруу жана эмалды реминерализациялоо үчүн маанилүү роль ойнойт. Дарыгердин айтымында, шилекей жетишсиз болгондо коргоочу механизмдер начар иштейт. «Алкоголь организмди суусуздандырат, анын натыйжасында ооз көңдөйүндө кургактык пайда болот. Мындай шартта кычкыл зат эмаль менен узак убакыт байланышта болуп, анын бузулушун күчөтөт», — дейт Ирина Буторина.


