Күйүткө түшүү абалы жана аны кантип жеңсе болот

Күйүткө түшүү (выгорание) — бул «мен сынып калдым» дегендин белгиси эмес, көп учурда адам көтөрө албаган ашыкча жүктөр тууралуу сөз болот. Күйүт абалы жана аны кантип жеңсе болору тууралуу когнитивдик-жүрүм-турум психотерапевти, медициналык психолог Юлия Лушникова кеңири айтып берди.
Анын айтымында, күйүт узакка созулган кесиптик стресстен, жогорку жоопкерчиликтен жана толук кандуу эс алуунун жоктугунан улам пайда болот.
Мындай учурларда эч кандай мотивация жардам бербейт — эң башкысы абалды турукташтыруу, деп түшүндүрдү психолог.
Адамда эмоционалдык чарчоо пайда болушу мүмкүн — башкача айтканда, дайыма «күйүүчү май түгөнүп калгандай» сезим болот. Андан кийин анын дагы бир белгиси катары цинизм (шылдың же мазактоо) көрүнүшү мүмкүн.
«Цинизм жана обочолонуу — бул ооруну басаңдатуунун бир түрү, психика жүктү азайтууга аракет кылат», — деди Юлия Лушникова.
Адистин айтымында, мурда кубанткан нерселер маанисин жоготуп, кызыктырбай калат, ал эми адамдар менен баарлашуу болгону чарчатат. Денеде оордук, чыңалуу, тапшырмаларга карата жийиркенүү пайда болот. Мындан тышкары, аткарылган иштер ырахат тартуулабай калат, адамдын кесипкөйлүгүнүн далили катары сезилбейт.
Күйүт абалында адам өзүнө адис катары болгон ишенимин жоготот, деп белгиледи психолог.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн, адистин айтымында, комплекстүү ыкма гана жардам берет. Денени бошоңдотууга багытталган туруктуу практикалар маанилүү. Ошондой эле ар дайым ойлордун «эпицентрин» айыктыруу зарыл. Бул үчүн күйүттүн негизги себептерин аныктоо керек: ал иш, кесиптештер менен мамиле, баалуулуктардагы карама-каршылыктар, адилетсиз чечимдер же айлана-чөйрөгө өтө көп көңүл буруу болушу мүмкүн.


