Коом

Кыргызстанда «Бала ырысы» жөлөк пулу 470 миңден ашуун балага берилет

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Улан Маматканов билдирди.

Ал журналисттерге бала көп төрөлгөн сайын жөлөк пул алуучулардын саны да жогорулай берерин белгиледи.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдардын баарына ай сайын жөлөк пул чегерүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Акча 1-июлдан тарта берилип, бүлөнүн кирешеси эсепке алынбайт. Жөлөк пулдун көлөмү — 1 200 сом. Каражат 2023-жылдын 31-июлунан кийин төрөлгөн балдарга берилет.

Арызды «Түндүк» тиркемеси аркылуу берсе болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button