Бишкекте Ташиев, Зулушев жана Шакиевге байланыштуу сот иши уланат

Бүгүн, 1-июнда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Шакиев боюнча козголгон кылмыш ишин кароо улантылат.
Үчөө тең бийликти басып алууга аракет кылган деген иш боюнча өтүүдө. Буга чейин аларга тиешелүү айыптар тагылган, бирок аларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган эмес.
Бүгүнкү сот жыйынында иштин материалдарын изилдөө улантылып, тараптардын жүйөлөрү угулары күтүлүүдө.
Өткөн жумадагы сот отурумунун жыйынтыгында мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу аталган документке эч кандай тиешеси жок экенин жана аны көрбөгөнүн билдирген.
Тергөө маалыматына ылайык, иш «75тин каты» деп аталган документке байланыштуу. Анда саясатчылар менен коомдук ишмерлердин кайрылуусу камтылган болуп, укук коргоо органдарынын версиясы боюнча бийликти алмаштырууга чакырыктардын белгилери болгон. Айыпталуучулар болсо буга чейин күнөөсүн ачык түрдө моюнга алышкан эмес.



