Коом

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 61,3 млн сомду түзөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 61 миллион 300 миң сом болот. Бул тууралуу Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Улукбек Өмүрбеков билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 336 миллион сом бөлүнгөн.

Спорттук бөлүктүн бюджети 334,2 миллион сом деп белгиленген. Бул каражаттар төмөнкү багыттарга жумшалат:

катышуучуларды жайгаштыруу жана тамак-аш менен камсыз кылуу;

спорттук форма жана жабдуулар;

спортчуларды даярдоо;

тандоо мелдештерин өткөрүү;

окуу-машыгуу жыйындарын уюштуруу.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары «Күч биримдиги! Рух биримдиги!» деген ураан алдында өтөт. Программага 43 спорт түрү киргизилген, анын ичинде 20 улуттук спорт дисциплинасы бар.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, оюндарга 100дөн ашык өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышып, улуттук күрөш, ат чабыш жана жаа атуу боюнча күч сынашат.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Алгачкы оюндар 2014-жылы Кыргызстанда өткөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button