Ош облусунда милициянын унаасын сүзүп кеткен мас айдоочу кармалды

Ош облусунда бир катар жол кырсыктарын жасаган жана милициядан качууга аракет кылган Mercedes-Benz C200 унаасынын айдоочусу кармалды.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 1-июнда саат 13:00 чамасында Өзгөн–Мырза-Аке унаа жолунун 2-чакырымында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Mercedes үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Манас көчөсүндө токтоп турган Kia K5 автоунаасын сүзүп, андан соң окуя болгон жерден Ош тарапка качып кеткен.
Эреже бузган айдоочуну кармоо үчүн Куршабда, Таш-Арыкта, Тойчу айылына бурулушта, Учкунда жана башка көзөмөл пункттарында тосуу иш-чаралары уюштурулган. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир да постто токтогон эмес.
Кийинчерээк «Кыргыз-Чек» постунда патрулдук унаа анын жолун тосуп чыккан. Бирок Mercedes унаасынын айдоочусу милициянын кызматтык унаасын сүзүп өтүп, жолун уланткан. Бир аз убакыттан кийин ал Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагылышып, андан соң токтотулган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочунун мас абалында болгону аныкталган.Милициянын маалыматы боюнча, унааны 2008-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран башкарып жүргөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Ээнбаштык») боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.



