Коом

Кыргызстан Беларусь менен биргелешип трансформатор чыгарууну пландоодо

Кыргызстан Беларусь менен биргелешип трансформаторлорду чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан жана Беларусь өкмөт башчыларынын жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан бул жабдууларды Беларусиядан сатып алып келет, бирок эми бул тармакта кызматташтыкты кеңейтүү максат кылынууда.«

Биз Беларусь менен трансформаторлорду биргелешип өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мурда аларды сатып алчубуз, азыр болсо Минск трансформатор заводу менен биргелешкен өндүрүш мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз», — деди министр.

Ибраев бул долбоор ишке ашса, өлкө энергетика жана коммерциялык тармактар үчүн ар кандай типтеги трансформаторлорду кеңири колдоно аларын белгиледи.

Анын айтымында, энергетикалык жабдуулардын жеткиликтүүлүгү жогорулап, логистика жөнөкөйлөшөт, баалар төмөндөйт жана электр энергиясын туруктуу камсыз кылууга шарт түзүлөт. Ошондой эле эски жабдууларды жаңылоого мүмкүнчүлүк пайда болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button