Окуялар
Папанда тургун 30 сааттык коомдук жумушка тартылды. Себеби

Ош облусунун Папан айыл аймагында жашаган жаран майда бейбаштык үчүн 30 саат коомдук жумушка тартылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы туруктуу өкүлүнүн жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу учурунда 1966-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран коомдук тартипти бузуп, актовый залдагы иш-чаранын өтүшүнө тоскоолдук кылган.
Ага бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан, ал кыйкырып, ызы-чуу салууну уланткандыктан залдан чыгарылган. Милициянын маалыматы боюнча, ал мас абалда болгон.Топтолгон материалдар сотко өткөрүлүп, сот Б.Т.ны күнөөлүү деп таап, 30 саат коомдук жумуш жазасын дайындады.



