Дүйнө
Пакистанда аскердик тик учак кулап 22 адам каза тапты

Пакистандын көзөмөлүндөгү Азад-Кашмир аймагында аскердик тик учак кырсыкка учурап, анын кесепетинен кеминде 22 адам каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги коопсуздук кызматындагы булактарга таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Пакистандын Куралдуу күчтөрүнө таандык Ми-17 тик учагы кечээ Музаффарабад шаарына жакын жерде кулаган. Кырсыктын натыйжасында тик учактын экипажы толугу менен каза болгон.
Пакистандын армиясынын Коомчулук менен байланыш кызматынын (ISPR) билдирүүсүндө кырсык техникалык мүчүлүштүктөн улам болгону айтылат.
Маалыматта тик учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй тоолуу аймакка кулап түшкөнү белгиленген.



