Окуялар

Бишкекте «Бумеранг» аттракционундагы окуя боюнча милиция текшерүүнү баштады

Бишкекте Түштүк магистралдын боюндагы SkyPark Baytik оюн-зоок борборунда жайгашкан «Бумеранг» аттракционуна байланыштуу социалдык тармактарга тараган видеодон кийин милиция текшерүү иштерин баштады.

Жарыяланган видеодо аттракцион эң жогорку чекке жеткен учурда андан белгисиз бир нерсе ажырап түшүп кеткенин көрүүгө болот.Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Видео жарыялангандан кийин SkyPark Baytik администрациясы расмий билдирүү жасап, ролик 17-июнда тартылганын маалымдады. Алардын айтымында, түшүп кеткен буюм Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык жасалгалоонун декоративдик элементи болгон.

«Бул нерсе аттракциондун бөлүгү эмес жана анын иштешине эч кандай тиешеси жок. Бардык аттракциондор техникалык жактан жарактуу, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, кадимки режимде иштеп жатат», — деп билдиришти парк жетекчилиги.

Ошентип, түшүп кеткен буюмдун так келип чыгышы жана окуянын себептери милиция жүргүзүп жаткан текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button