Коом

Адылбек Касымалиев куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

«Урматтуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери!
Куткаруу кызматынын кадырлуу ардагерлери! Урматтуу куткаруучулар!

Сиздерди Куткаруучулар күнү жана Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Адамдардын өмүрүн сакташ үчүн Ысык-Көлгө 60 метр терең түшкөн, асман тиреген аска-зоолордон альпинисттерди куткарышкан, өрт, сел, суу ташкыны, өндүрүштүк кырсыктар жана башка күтүүсүз өзгөчө кырдаалдарда жардамга келген куткаруучулардын баатырдыгына баа берип, кесипкөйлүгүнө суктанып алкыш айтабыз. Куткаруу  кызматынын 35 жылдык тарыхында миңдеген адамдардын өмүрү сакталганын, бул үчүн чексиз ыраазы болгон туугандарынын алкышын, кырсыктын очогунда жан үрөп кызмат өтөгөн кайраттуу кызматкерлердин сыймыктуу эмгек жолун баяндап биздин тарыхчылар, жазуучулар даңазалаш керек. 

Өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылууда кызмат өтөп жатып курман болгон кызматкерлердин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Алардын мекенге болгон берилгендиги, эрдиги жана кызматтык милдетине болгон жоопкерчилиги келечек муундар үчүн үлгү болуп кала берет.

Министрликтин түптөлүшүнө, учурдагы күчтүү жана кесипкөй кызматкерлерди татыктуу тарбиялап, сыймыктуу кесиптин ээси болушуна   эбегейсиз салым кошкон   ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем. 

Өлкө жетекчибиз Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен акыркы беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинде бир топ прогрессивдүү өзгөрүүлөр болду.         

Биринчи кезекте, министрликтин материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Акыркы 5 жыл аралыгында 6,9 млрд сомго бааланган 781 бирдик заманбап техника менен камсыздалып, өрт-куткаруу, инженердик, суучул жана тоо-кен куткаруу бөлүмдөрүнүн ыкчам аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү олуттуу жогорулады.

Куткаруучулардын техникасы  менен жеке даярдыктары шайма-шай болгонуна байланыштуу мурдагыга салыштырганда кырсыкка кабылгандардын көбүн сактап калууга мүмкүндүк болду. Сел, көчкү жана башка табигый кырсыктардан келтирилген материалдык зыян 77 % га кыскарды.

Бирок куткаруучулардын кызматы мурдагыдай эле кооптуу бойдон калууда. Анын бир себеби табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын саны улам өсүп жатканында. Алсак, мөңгүлөр тез эрип кеткенине жана айрым жерлерде арча, карагай, тулаң чөптөрдүн азайып кетишине байланыштуу мурда сел жүрбөгөн жерлерде сел жүрүп жатат.

Адам өмүрүн сактоону өзүнүн ыйык милдети катары кабыл алып, алардын ким экенине карабай, сөзсүз куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган, эр жүрөк мүнөзү менен айырмаланган биздин чыныгы баатыр куткаруучуларыбызды куттуктап жатып мен сиздерге жана жалпы элге ушундай өзгөчө кырдаалдарды азайталы деп кайрылам.

Жаратылышка, анын ичинде жайыттарга  аяр мамиле жасап, тоолорубуздагы токойлорду калыбына келтирип, азыр дүйнө жүзү боюнча популярдуу болгон «жашыл» экономика кыймылынын авангарды болууга бизде шарт жетиштүү. Ошону менен бирге өлкөбүздүн ар бир жараны өзүнүн өмүрү, коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти сезиши керек.

Өзгөчө кырдаалдарды азайтуу жалпы элдин иши жана бул иште, урматтуу куткаруучулар, сиздер авангард болуп жол көрсөтүшүңүздөр керек. Бирдиктүү аракет менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу менен мекендештерибиздин өмүрлөрүн жана  элибиздин ырыскысы болгон материалдык байлыктарды сактоо боюнча ишибиз кыйла натыйжалуу болот. Ошону менен бирге куткаруучулардын өзүнүн өмүрү да өтө кооптуу, коркунучтуу кырдаалга туш келбейт. 

Ушул күнү баарыңыздарга чың ден соолук, бакты-таалай, жаркын маанай, албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Майрамыңыздар менен!»

Тектеш кабарлар

Back to top button