Каракол шаарынын 157 жылдыгы чоң концерт менен белгиленди

Каракол шаарынын борбордук аянтында шаардын 157 жылдыгына арналган майрамдык концерт өттү. Анда «Город 312» тобу, Стас Михайлов жана жергиликтүү өнөрпоздор концерттик программа тартуулашты.
Нөшөрлөгөн жамгырга карабастан, майрамга 3 миңден ашуун адам катышты. Аянтка шаар тургундары, балалуу үй-бүлөлөр жана туристтер келишти.
Шаар тургундарын жана конокторду Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов куттуктады. Ал өз сөзүндө шаар акырындык менен өзгөрүп жатканын белгилеп, мектептер менен бала бакчалар жаңыланып, жолдор оңдолуп, жаңы коомдук жайлар курулуп жатканын айтты.
Ошондой эле бийликтин ишин убадалар менен эмес, аткарылган иштер менен баалоого чакырып, Караколдун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.
Майрамдык иш-чаранын алкагында шаардын өнүгүшүнө салым кошкон тургундар медалдар менен сыйланышты. Алардын арасында спортчулар, ЖРТдан алтын сертификат алган окуучулар, коомдук активисттер, ишкерлер жана «Социалдык келишим» долбоорунун катышуучусу болуп, клининг компаниясын ачкан ишкер айым да бар.
Ошол эле күнү эртең менен Каракол шаарына Президент Садыр Жапаров барды. Ал реконструкцияланган А.С. Пушкин атындагы сейил бакты көрүп чыкты. Парктын аймагына жаңы аттракциондор, амфитеатр, фонтандар, балдар аянтчасы жана скейт-парк курулган. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр жолдору, эс алуу жайлары жана айлана-тегереги көрктөндүрүлгөн.
Мындан тышкары, мамлекет башчысына жылуулук электр борборун, Конгресс-холлду, көп функционалдуу спорт комплексин куруу, шаардагы 22 чакырым жолду реконструкциялоо, тарых музейин жана башка инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү боюнча долбоорлор тааныштырылды.



