Окуялар

“75чилердин иши” боюнча айыпталгандарга сот өкүм чыгарды

“75чилердин иши” боюнча айыпталгандарга Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыкты.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бири төрт жылдан абакка кесилди. Бирок алар жазасын пробация менен өтөмөй болушту. Ошондой эле баарынын тең мүлкү конфискацияланат.

Ушул эле берене менен коомдук саясий ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да күнөөлүү деп табылып ар бири төрт жылдан эркинен ажыратылды. Жазасын пробация менен өтөшөт. Ал эми “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча акталышты. Булардын да мүлкү конфискацияланат.

Белгилей кетсек, февралдан бери камакта жаткан Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Эмилбек Узакбаев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button