Коом
«Асман Эйрлайнс» Ташкент — Тамчы багыты боюнча түз авиакаттам ачат

2026-жылдын 8-июлунан тарта мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы өзбекстандык Malva Tour туроператору менен биргеликте Ташкент — Тамчы (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) багыты боюнча жаңы сезондук түз авиакаттамды ишке киргизет.
Каттамдар жумасына бир жолу — ар шаршемби күнү аткарылып, учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт.
Жаңы каттам Өзбекстандан келген туристтерге Ысык-Көлгө тез жана ыңгайлуу жетүүгө шарт түзөт. Ошондой эле Malva Tour мейманкана, экскурсия жана эс алуу программаларын камтыган атайын туристтик пакеттерди сунуштайт.
Авиабилеттерди туроператор аркылуу онлайн брондоого болот. Эрте брондогондор үчүн атайын тарифтер каралган.




