Окуялар
Сүлүктүдө шахта урап, чет элдик жумушчу каза болду

Сүлүктүдө шахта урап, эки жумушчу анын алдында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге 24 куткаруучу жөнөтүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 50 метр тереңдикте төрт тирөөч кулап, болжол менен 30 куб метр тоо теги урап түшкөн.Уранды алдынан биринчи болуп 1966-жылы туулган Кытай жараны Я.Ю. куткарылып, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүлүп берилген.
Куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда кайрадан уранды түшүп, анын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш куткаруучусу калган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында алардын баары аман-эсен чыгарылган.
Ал эми уранды алдында калган экинчи чет элдик шахтёрдун сөөгүн кийинчерээк шахтанын жумушчулары өздөрү алып чыгышкан.


