Дүйнө
Криштиану Роналду Лионель Мессиге атасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Сауд Аравиясынын «Аль-Наср» клубунун жана Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Лионель Мессинин атасынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
«Ушул оор учурда сени жана жакындарыңды кучактайм, Лео. Сага көп күч-кубат каалайм», — деп Роналду Мессинин социалдык тармактагы билдирүүсүнө комментарий калтырган.
Аргентиналык футболчунун атасы Хорхе Месси 8-августта 68 жашында көз жумган. Маалыматка караганда, ал Росарио шаарындагы клиникалардын биринде узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Анын кандай оору менен жабыркаганы так айтылган эмес.



