Окуялар

Бишкекте мушташ чыгарган чет элдиктер депортацияланат

Бишкек шаарындагы чыр-чатак фактысы боюнча Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББдин «102» кызматына болжол менен саат 22:10до чет өлкөлүк жарандардын ортосунда мушташ болуп, чыр-чатак жаралышы мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуяга тиешеси бар 20 чет өлкөлүк жаран аныкталып, райондук башкармалыкка жеткирилди.Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жарандарга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, алар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылууга (депортацияланууга) жатат.

«Урматтуу жарандар!Сиздерден коомдук тартиптин нормаларын сактоону, бири-бириңиздерге карата өз ара урмат-сый менен мамиле кылууну жана коомдук жайларда сөгүнгөн сөздөрдү колдонуудан алыс болууну суранабыз.Коомдук тартипти бузгандыгы жана майда бейбаштык жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жоопкерчилик каралгандыгын эскертебиз.

Учурда кырдаал милициянын көзөмөлүндө, абал туруктуу»,- деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button