ДКО. Кырчында 15 өлкөнүн балбандары кол күрөш боюнча күч сынашууда

Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кол күрөш боюнча мелдештер кызуу өтүп жатат.
Кыргыз кол күрөш улуттук федерациясынын президенти Толкунбек Исаковдун айтымында, мелдешке 15 мамлекеттен 70ке жакын спортчу катышып, өз күчүн сынашууда.
”Эркектер арасында төрт салмак категориясында, ал эми аялдар арасында эки категория боюнча мелдештер өтүүдө. Учурда финал алдындагы беттештер жүрүп, мелдеш абдан кызыктуу жана атаандаштыкка бай өтүүдө”, — деди Толкунбек Исаков.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.



