Саясат
Парламентте президентке робот-экскурсовод маалымат берди

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке барып, санарип музейдин ачылышына катышты.
Музейдин ачылышына парламент төрагасы Марлен Мамаиалиев да катышты. Ал эми өлкө башчысына экспонаттар тууралуу робот-экскурсовод кеңири маалымат берди.
Жапаров комитеттердин жыйындары өтө турган жаңыланган залдарды көрдү. Эми ал жерде талкууларды санарип форматта өткөрүп, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин онлайн катыштырууга болот.



