БУУ: Каржылоонун жетишсиздигинен 8,3 млн качкын жардамсыз калышы мүмкүн

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУ КЖКБ) каржылоонун кескин жетишсиздигинен улам дээрлик 8,3 млн качкын жана аргасыз жер которгон адам жардамсыз калышы мүмкүн экенин эскертти.
Агенттик АКШ жана башка өлкөлөр тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын кыскарышынан улам тарыхындагы эң олуттуу каржылык кризистердин бирине туш болду. Каражаттын тартыштыгы 5,789 млрд долларды түзүүдө.
Июль айындагы маалыматка ылайык, БУУ КЖКБ 2026-жылга талап кылынган 8,505 млрд доллардын 32%ын гана алган. Жардамга муктаж адамдардын саны рекорддук көрсөткүчтөргө жакындап, жыл аягына чейин агенттиктин мандатындагы адамдардын саны 131,2 млнго жетери күтүлүүдө.
Каржылоонун кыскарышы буга чейин эле каттоо, балдарды коргоо жана гендердик зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү программаларынын кыскарышына алып келди.
Айрыкча Чад, Судан жана Ооганстанда оор кесепеттер күтүлүүдө. Чадда 319 миң адамды каттоо кечигип, 200 миң аял жана кыз баш калкалоочу жайларга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы мүмкүн. Суданда 140 миңдей качкын каттоодон өтпөй калган. Ооганстанда жөлөкпулдардын көлөмү эки эсеге азайтылган.
БУУ КЖКБ чыгымдарды мындан ары кыскартуу каржылоодогу тартыштыкты жаба албай турганын белгиледи. 2025-жылга карата уюм кызматкерлеринин санын 33%га кыскартып, 140 шаар жана аймактагы кеңселерин жаап, 2024-жылга салыштырмалуу 15 өлкөдөгү ишмердигин токтоткон.



