Дарыгер фастфудду колдонуунун коопсуз нормасы тууралуу пикирин билдирди

Эндокринологу Маргарита Белоусова фастфудду ден соолукка зыян келтирбестен канчалык көп жесе болору тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, фастфудду, мисалы, жумасына бир жолу жесе болот деген илимий жактан так аныкталган универсалдуу норма жок.
«Эгер адам мындай тамактан толук баш тартууга даяр болбосо, аны мүмкүн болушунча сейрек жана аз өлчөмдө жегенге аракет кылганы жакшы», — деди дарыгер.
Фастфуддун ден соолукка тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирин азайтуу үчүн дарыгер кичирээк порцияларды тандоону сунуштады. Ошондой эле мындай тамактарды жаңы жашылчалар менен айкалыштырып, соустарды көп колдонбоого кеңеш берди.
Дарыгердин белгилешинче, эгер адам калган убакта тең салмактуу тамактанса, фастфудду анда-санда, мисалы, айына бир-эки жолу жесе болот.



