Келерки жылда Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алуу милдеттүү болот

Казакстан 2027-жылдын 1-июлунан тарта чет өлкөлүк жарандар үчүн өлкөгө кирүүгө электрондук уруксат алуу талабын киргизет.
Жаңы тартип визасыз каттам каралган өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болот.
Электрондук уруксатты өлкөгө кирүүгө пландалган күндөн кеминде 72 саат мурда санариптик платформа аркылуу алуу керек. Кызмат акысыз көрсөтүлүп, уруксат 180 календардык күнгө жарактуу болот.
Бирок Казакстанда жүрүү мөөнөтү ар бир өлкөнүн жарандары үчүн белгиленген эрежелерге жараша аныкталат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары 180 күндүн ичинде жалпы 90 күнгө чейин жүрө алышат.
Электрондук уруксат алуу талабынан 16 жашка чейинки балдар, 65 жаштан жогорку адамдар жана эрежелерде көрсөтүлгөн башка категориядагы жарандар бошотулат.



