Дүйнө

Ким Чен Ын командирлерди армиянын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга чакырды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корей элдик армиясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда аскер бөлүктөрүнүн согуштук даярдыгын толук камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу Кореянын Борбордук телеграф агенттиги (ЦТАК) билдирди.

Аскер кызматкерлерине кайрылган Ким Чен Ын роталардын командирлеринин негизги милдети бөлүктөрдүн согушка даярдыгын жогорку деңгээлге жеткирүү экенин белгиледи. Ал үчүн үзгүлтүксүз жана интенсивдүү аскердик машыгууларды өткөрүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле Түндүк Кореянын лидери күчтүү армияны түзүүдө төмөнкү деңгээлдеги аскер бөлүктөрүнүн ролу чоң экенин белгилеп, командирлерди «жүзгө каршы жалгыз күрөшө алган» жоокерлерди даярдоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button