Окуялар

Он күнгө жакын убакыттан бери изделип жаткан Сергей Щербаковдун сөөгү табылды

Он күнгө жакын убакыттан бери изделип жаткан Сергей Щербаковдун сөөгү Суусамыр — Каракол ашуусунан «Suzuki Jimny» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

​Маалыматка ылайык, маркумдун автоунаасы акыркы жолу Миң-Кушка бурулган жолдун жанындагы май куюучу жайдын видеokөзөмөл камерасына түшүп калган.

​Алдын ала маалымат боюнча, Щербаков жол кырсыгына кабылып, каза болгон. Учурда милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда. 

Тектеш кабарлар

Back to top button