Окуялар

Батир убада кылып, 3 миллиондой сом алган: Курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелүүдө

Бишкек шаарында турак жайды үлүштүк курулуш аркылуу берүү менен байланышкан алдамчылыкка шектелип курулуш компаниянын башкы директору кармалды. Бул тууралуу болбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук милициясына А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин башкы директору Э.Н. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, 2021-жылдын апрель айынан 2025-жылдын май айына чейинки мезгилде шектүү анын ишенимине кирип, Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү батир берүүнү убада кылуу менен 2 миллион 924 миң 986 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган. Кийинчерээк арыз ээсине үлүштүк курулуш келишимин башка курулуш компаниясына кайра тариздөө сунушталган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин убада кылынган батир берилген эмес жана келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулган эмес.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1987-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип. Ага карата бөгөт коюу чарасы тандалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button