Саясат

Экс-элчи Абылов президенттикке талапкерлигин койду

Мурдагы элчи, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, бүгүн тиешелүү арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.


БШКнын маалыматына ылайык, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү үчүн арыз кабыл алуу мөөнөтү бүгүн саат 24:00дө аяктайт.
Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга тогуз жаран арыз берген. Абыловдун арызы менен алардын саны онго жетти.
74 жаштагы Абылов Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. Москвадагы Орджоникидзе атындагы башкаруу институтунун аспирантурасында да билим алган.
Эмгек жолунда 1995–1996-жылдары БШКнын төрагасы, 1996–1998-жылдары Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министри болуп иштеген. 1998–2003-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы, 2005–2009-жылдары Түркиядагы элчиси болгон. Ал экономика илимдеринин кандидаты, генерал-майор.
Абылов Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу сот тарабынан акталган.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 27-январга белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин аларды каттоо жана мыйзамда белгиленген талаптарды текшерүү этаптары өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button