Астанада турак жай комплексинин жанынан доллар салынган чемодандар табылды

Астанада «Атлант» турак жай комплексинин жанынан чемодандар жана долларга окшош чачылган акча топтомдору табылды.
Окуя болгон жерден тартылган видеолор социалдык тармакка тарады. Аймак тосулуп, жанында форма кийген адамдар турат.
Маалыматка ылайык, полицияга Кунаев көчөсү, 5 дарегиндеги турак жай комплексинин жанында акча салынган 8 чемодан бар экени тууралуу кабар келген. Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери барган.
Казакстандык ЖМКлары окуя «Казакстан темир жолу» (КТЖ) улуттук компаниясынын башчысы Елжас Отыншиев жана «Самрук-Казына» фондунун төрагасы Нурлан Жакупов кармалышы менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин маалымдашууда. Тастыкталбаган маалыматка караганда, күч түзүмдөрүнүн болжолдуу операциясы учурунда акча салынган чемодан терезеден ыргытылган.



