Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген аял кармалды

Бишкек шаарында каржы пирамидасын уюштурууга шектелген аял кармалды. Бул туурасында Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын ноябрь айында милицияга жарандар арыз менен кайрылып, «BITEVOLUTION» компаниясынын уюштуруучуларына карата чара көрүүнү суранышкан. Алар аталган компаниянын ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын белгилери бар экендигин билдиришкен.
Арыз ээлеринин айтымында, компаниянын уюштуруучулары жарандардын ишенимине кирип, салынган акчаны эки эселеп кайтарып берүү жана жогорку киреше алуу убадасы менен алардын акча каражаттарын ээлеп алышкан. Андан соң өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарбастан, изин жашырып кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (каржы пирамидаларын уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин негизги фигуранты катары 1964-жылы туулган К.Г.Э. аттуу жаран аныкталып, кармалды жана ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогун жана аталган ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.
Милиция аталган ишмердүүлүктүн натыйжасында жабыр тарткандарды же тергөөгө маанилүү болгон кошумча маалыматы барларды +996 505 131 113 же 102 номуру аркылуу кабарлоону суранат.



