Коом

2027-жылдан тарта «баатыр энелердин» пенсиясына кошумча төлөмдү көбөйтүү каралууда

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин отурумунда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошулуучу ай сайын берилүүчү үстөк төлөмдү 1000 сомдон 5000 сомго чейин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. 

Депутаттар Камила Талиева, Маматалиев, Алтынбек Кудайбердиев, Жаанбаев жана Гүлнара Баатырова демилгелеген документ «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын 13-беренесине өзгөртүү киргизүүнү карайт. Буга чейин 2011-жылдан бери 15 жыл аралыгында «Баатыр эне» наамы бар жарандардын пенсиясына 1000 сом өлчөмүндө кошумча төлөм чегерилип келген.

Демилгечилер төлөмдү көбөйтүү зарылдыгын учурдагы экономикалык кырдаал, азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баанын өсүшү менен негиздешти.

«Такталган маалымат боюнча, мамлекетибизде «Баатыр эне» орденине ээ болгон 30 миң 609 эне бар. Азыркы шартта бул категориядагы жарандарды колдоо мамлекетибиздин башкы милдети деп эсептейбиз», — деди Талиева.

Мыйзам долбоору буга чейинки президенттин чечимине шайкеш келтирилүүдө. 2026-жылдын 21-октябрында президенттин №353 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына кол коюлган. Ага ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта аталган үстөк төлөмдү 5000 сом өлчөмүндө белгилөө үчүн 2027-жылдын республикалык бюджетине 1 млрд 484 млн 658 миң 936 сом каражат киргизилген.

Социалдык фонддун өкүлү Гүлнур Жуматаева аскер кызматындагы «Баатыр энелерди» да мыйзамга кошууну сунуштады. Учурда мындай статуска ээ 10 аял болсо, алардын экөө пенсияда. Талиева бул өзгөртүү Бюджет комитетинде каралып жатканда мыйзам долбооруна киргизилерин билдирди.

Мындан тышкары, жыйында баласы соттолуп кетсе, энени «Баатыр эне» наамынан ажыратуу ченемин жокко чыгаруу маселеси көтөрүлдү. Депутат бул боюнча өзүнчө мыйзам долбоору даярдалганын маалымдады:

«Эрезеге жетип, 18 жашка толгондон кийин балага ата-эне жооп бербейт. Бир баласы кырсыкка учурап же соттолуп кетсе, энени «Баатыр эне» макамынан ажыратпоо боюнча өзүнчө мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз», — деди Талиева.

Тектеш кабарлар

Back to top button