Окуялар

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган 4 жаран кармалды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кудургу айылында синтетикалык тор менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандар кармашты.

​Облустук милиция маалымдагандай, алар экологиялык мунаранын түнкү видеокөзөмөл камерасы аркылуу аныкталды. Кызматкерлер аталган жерге барып, 54, 22, 20 жана 34 жаштагы жарандарды текшерүү учурунда 69 даана балык жана үйлөмө кайык табылды. Келтирилген экологиялык зыяндын өлчөмү 143 миң 420 сомду түздү.

​Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыктарды уулоо, жана суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары кармалган жарандардын экөөсү 2 айга камакка алынып, калган экөөсүн үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалды.

Тектеш кабарлар

Back to top button