Бакен Кыдыкеевага суктанган Жерар Филип эмнеге аны менен киного тартылбай калган?

(Улуу актрисанын өмүрүн легендага айланткан эпизоддор)

Бул легендарлуу эпизод кыргыздын тунгуч көркөм көркөм фильми “Салтанаттагы”  Бакен Кыдыкеева ойногон Салтанаттын ролуна байланышкан.
Кыргыз адабияты менен искусствосунун 1958-жылы Москвада өткөн декадасы ушул фильм менен ачылган. Ошондо “Фанфан-тюльпан” деген фильм менен атагы дароо бүтүндөй дүйнөгө тараган 20-кылымдагы Европанын театр жана кино жылдызы  француз Жерар Филип СССРге, Москвага келип, “Салтанат” кинофильмин андагы Салтанаттын ролун ойногон, Б. Кыдыкееваны көрүп алып, актрисанын  талантына, ак сөөктүгүнө өзгөчө баа берип, суктанып, кыргыз мадоннасын Францияга чакыргысы келип, аны менен бирге киного тартылсам деген тилегин  билдирген дешет. Бирок, Б. Кыдыкеева жашаган өлкө ал учурда Советтер Союзу деген, карандай идеологияга баш ийген, эч бир жаранын, айрыкча чыгармачыл  инсандарын оңой менен сыртка чыгарбаган, жабык мамлекет болгондуктан, Жерар Филиптин тилеги да, улуу кыргыз актрисанын эңсөөсү да ишке ашкан эмес.

Жерар Филип, француз актеру.
Бакен Кыдыкеева, кыргыз актрисасы

Эскертүү: Бакен Кыдыкееванын өмүрүн жана чыгармачылыгын легендага айланткан дагы бир нече эпизодду кийинки күндөрү окуйсуңар.

Драматург Жаныш Кулмамбетовдун “Талант жана тагдыр” даректүү пьесасынан алынды.

Abal.kg