Маданият

Жылдыз Капарова, журналист: “Турмушка чыксаң эле токтолуп каласың дешти, бирок…”

Журналистиканын агымында, талыкпай эмгектенип, түштүк жергесиндеги ЖМК жаатында иштеп, өз ордун таап келе жаткан журналист Жылдыз Капарованын жан дүйнөсү тууралуу маектештик.

 — Жылдыз, качантадан бери чыгармачылык чөйрөгө аралаша баштадыңыз?

— Өзүмдү чыгармачыл адаммын деп айта албасам дагы, ошол чөйрөдө, чыгармачыл инсандар менен баарлашып, достошуп жүргөнүм чындык. Окуучулук мезгилден бери десем аша чапкан болоор, ошондуктан 2014-жылы ОшТВга келгенден бери десем туура болот го. 

Адам баласы эмнеден улам чоңоёт, же кайсы учурда акыл токтото баштайт деп ойлойсуз?

— Жакында эле ушул суроо боюнча социалдык тармакка пост жазып, ойлондум эле… Анда мен тек гана суроо койгом, «эмнеден улам токтолуп, чоңоёт»-деп. Көпчүлүк турмушка чыксаң өзүң эле токтолуп каласың дешти. Балким туурадыр. А менин бүтүмүм, адам өз арабасын өзү тартып, моюнуна жоопкерчилик түшкөндө чоңоёт да, сыноолорду башынан өткөргөн сайын акыл токтотот окшойт.

-Кандай китептерди окуганды жактырасыз?

— Мага философиялык маанидеги китептер жагат. Айтматовдун чыгармалары, Казат Акматовдун «Архаты», Островскийдин «Болот кантип курчуду» романы, Касымбековдун «Сынган кылычы» сыяктуулар чыгармалардын ичине түнөп окудум. Окуп бүткөндөн кийин аябагандай көп суроолор, салыштыруулар болот эмеспи, негедир ошону талкуулай турган адабий чөйрөдөн алысмын. Жакында «Гүлсаратты» кайра окуп чыгып, Танабайдын чынчылдыгын, досунун жумшактыгын сөз кылайын деп адам таппайм. Дагы бир мисал «Касандра тамгасындагы» Роберд Борктун өлүмү, Оливер Ордоктун куулугу жылдар бою бүйүрүмдү кызытып, жоопсуз суроолор менен коштолуп келет. Келечекте жолдошум, бала чакабыз менен китеп окуп, анан ошону талкуулап олтурган учурлар болот деген үмүтүм бар. Анткени, апам китеп окуп, атам баш болуп угуп, анан талкуулаган учурлар мен билген эң бактылуу учур болчу.

—  Сулуулук деп эмнени билесиз?

—  Аурасы таза, жүзү жарык, өң-келбети келишкен, акыл-эстүү адамдарды сулуу деп билем, суктанам.

—  Өзүңүзгө кандай учурда ишенесиз?

—  Бардык эле учурда өзүмө ишенип, өзүмө таянган адаммын. Айрыкча, ыраазы болгонум, агымга каршы туруп болсо да калыс сөз айта алаарыма. Муктаждык моюндан басып турса да, жеке кызыкчылыкты экинчи планга жылдыра алам. Бул канчалык кыйын экенин түшүнөсүз да…

— Кайсы саясатчы мырзаны төгөрөгү төп келген, келишимдүү мырза деп ойлойсуз?

—  А эмнеге саясатчы мырза?  Мен жаран катары саясатчы агалардын саясий ишмердүүлүгүнө баа беришим мүмкүн эле. Бирок, келишимдүү мырза катары десеңиз менде сөз жок. Көпчүлүгү “байке” болуп калат.

Ырысгүл Изатова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button