Жаныш Кулмамбетов: Таттыбүбү менен Имаштын ортосунда өтө чоң сүйүү болгон

Драматург, театр сынчысы, режиссер Жаныш Кулмамбетов менен белгилүү инсандар тууралуу маек курдук. Бул жолку баарлашуубуз кыргыз чүрөгү айтылуу Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу болду.

-Жаныш Осмонович, жаңы жылдын алдында, кыргыздын чыгаан кинорежиссеру Болот Шамшиев көз жумганда “Давайте не будем лицемерить” деп фейсбукта жазган постуңузду окудум эле.
-Ооба, жазгам ошондой постту.
-Ошол жерде окуп калгам, Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу жазган пьесаңыз бар экен.
-Андай пьесам бар. 1994-жылы, Таттыбүбү Турсунбаеванын 50 жылдыгына карата жазгам, “Таня, Таня, Таттыбүбү” деген ат менен. 
-Ал пьесаңыз эмне үчүн театрда коюлбайт? Же мурда коюлду беле?
-Кыргыз театрынын гениалдуу режиссеру, Таттыбүбүнүн курсташы, бир чети жердеши Искендер Рыскулов кое баштаган болчу. Башкы ролду Шайыр Касымалиева ойноп аткан. Бирок, сахнага чыккан жок.
-Эмне үчүн чыкпай калганын билсек болобу?
-Анын көп себептери бар болчу. Театрдын ичинен бирөөлөр министрликке жамандап барса керек, Кулмамбетовдун артисттерди күнөөлөгөн пьесасын даярдап атышат деп. Ошондон кийин токтотуп коюшкан.

-Ошол посттуңузда айтып атпайсызбы, Турсунбаеваны жаман көргөн бир актриса Таттыбүбү көз жумгандан кийин бети кызарбай туруп мактап интервьюларды берип жүрдү деп. Ал актрисанын ким экенин эмне үчүн ачык айта албайсыз?
-Ачык айтуунун зарылдыгы жок. Мен проблеманы – ошондой эки жүздүү көрүнүш бар экенин козгодум. Пьесада дагы Таттыбүбү Турсунбаеванын  бул жашоодон эрте кетишине коллегаларынын көрө албастыгы себеп болгону кеңири көрсөтүлгөн. Көрө албастык маселеси көтөрүлгөн. Мисалы, Александр Сергеевич Пушкиндин “Моцарт менен Сальери” трагедиясында да ушул эле проблема – тээ Каинден бери келаткан көрө албастык көрсөтүлгөн.

-Пушкин анда ачык эле жазган турбайбы? А сиз эмне үчүн аттарын ачык атабайсыз?
-Ал Пушкиндин позициясы. Менин принцибим башка.
-Жаныш Осмонович, сиз Таттыбүбү Турсунбаеваны өтө жакшы билчү белеңиз?
 -Өтө жакшы деп, сырдаш адамдарды айтат болуш керек. Мен Таттыбүбү менен сырдаш болгон эмесмин. Мамилем өтө сый эле. Ошол театрда иштеп, окугандыктан Турсунбаеваны күнүгө эртең менен кечинде көрүп, ойногон оюндарына дайыма жарык берчүмүн. Андыктан, эл катары эле билем десем туура болот. Ошол мезгилдеги өз көзүм менен көргөн, өз кулагым менен уккан фактыларды талдап, анан кызы Аселден, жубайы Имаш Эшимбековдон уккандарымды  кошо анализдеп, жалпылап туруп, ошол пьесаны,  а ага чейин болсо Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу “Ак куу болуп асманда ай баратат” деген китепти да жараткам.
-Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу китеп да жазсаңыз, анда аны аябай эле жакшы билет турбайсызбы. Жубайы Имаш Эшимбеков деп атасыз. Ал киши Таттыбүбүгө кандайча үйлөнүп калган? Элдин арасында Турсунбаева менен Болот Бейшеналиев бири-бирин сүйүшчү экен деп айтылып жүрөт го?

Имаш Эшимбеков

-Биринчиден, Имаш Эшимбеков жөн эле киши эмес, ал өтө таланттуу актер болгон. Күнболот Досумбаев, Болот Бейшеналиев, Мамбет Асанбаевдер менен чогуу окуган. Театрда геройлордун ролун ойногон. Таттыбүбү Турсунбаева экөө Шекспирдин “Ромео менен Жульеттасында” бири Жульетта, экинчиси Ромео болуп ойношкон. Мар Байжиевдин “Төрт адамында” Таттыбүбү Назини, Имаш Азизди ойногон. Мен билгенден, Имаш менен Таттыбүбүнүн ортосунда өтө чоң сүйүү болгон. Болот Бейшеналиев да Таттыбүбүнү сүйсө керек. Кийин Болоттун Таттыбүбүгө арнаган ырларын окуп калып жүрбөдүкпү. А бирок Таттыбүбүнүн Болотту сүйгөнү тууралуу маалыматым жок. Кыязы  экөө “Ак Мөөрдө” Ак Мөөр менен Болотту ойногон үчүн эл ошондой деп, божомолдоп айтып жүрүшсө керек.

(Интервьюнун уландысы бар).

Суроо салган Зарина Мырсакулова