Кыргыздын сулуу, таланттуу актрисасынын дайынсыз жоголгонунун сыры эмнеде?

Кыргыздын таланттуу, сулуу актрисаларынын бири, ага кошул-ташыл кубулжуган мукам үнү бар, көрк десе көркү, келишкен келбети бар, сахнада жалаң лирикалык героиняларды ойногон Зейнегүл Эсеналиева капилеттен дайынсыз жоголуп, өлүү-тирүүсү билинбей калган. 

Адегенде актрисанын жоголгонуна анча маани бербей, жумушка чыгат болуш керек, зарыл иши чыгып калса керек деп жорушкан театрдагылар, бир аз убакыт өтүп, анын дайынсыз болуп, табылбай атканын угушканда,  мындай күтүүсүз окуяга ишенээр-ишенбесин билишпей дендароо болушканы айныксыз.  

Бул нары кейиштүү, нары драмалуу окуя мындан кыйла жылдар мурда, 60-жылдардын  аягы, 70-жылдардын башында, Тянь-Шань  областтык музыкалуу-драма театрында болуп өткөн. “Нарын жылдыздары” деп, бүтүндөй Кыргызстанга атагы чыккан чыгармачыл инсандардын ичинен эң көрүнүктүүлөрүнүн бири, келбети келишкен, сулуулугу да өзгөчө, үнү да айрыкча кубулжуган мукам Зейнегүл Эсеналиеванын дайынсыз жоголушун, кыйла жылдар Теңир-Тоолук коллектив гана эмес, жалпы эле улуттук театр журтчулугу да унута албай жүрүштү.

Учурунда Нарын театрынын жылдызы атанган актрисанын чыгрмачылыгы гүлдөп, баралына жетип, кемели толуп турган мезгилде күтүүсүздөн жоголушу көптөгөн версияларды жараткан. Айрыкча, “Нарын дайрасына түшүп кетиптир” деген божомол, анын курбалдаштарынын арасында ушул кезге чейин сакталып калган. Бирок, актрисанын дайынсыз жоголушуна, же табылбай калган өлүмүнө (эгерде каза болгон болсо), ал түгүл өз жанын өзү кыйышына (эгерде көз жумганы чын болсо)  эмне себеп болгон? Көрө албастыктын айынан киши колдуу болдубу? Же  үй-бүлөөлүк чыр-чатактын натыйжасыбы? Болбосо айрым версияларда айтылып жүргөндөй, тынч жашоону эңсеп, фамилиясын өзгөртүп, башка жакта жашап жүрөбү?..

Кыскасы алтымышынчы жылдары атактары Ала-Тоого тараган Жамал Сейдакматова, Тамара Жумакаева өңдүү таланттар менен курбалдаш, ырчы десе ырчы, акртисалыгы андан бетер таланттуу Зейнегүл Эсеналиеванын тагдыры, эмне болгону ушул кезге чейин табышмак.

Нарын театрынын ошол учурлардагы жамааты

Жада калса Нарын театры тууралуу мурда чыккан китептерде актрисанын фотолорунун жоктугу да, өзүнчө бир сырды жаратат…

Бул актриса жарк этип чыгып, жалп өчтү. Ошол кездеги муундун эсинде чагылган сыңары гана калып калды. Кийинки муун бул сулуу актриса тууралуу кабарсыз.

Abal.kg