Ата-эненин мээримине зар болгон өспүрүмдөрдүн көбү өз өмүрүн кыйган

Өткөн 2019-жылы  Кыргызстанда 46 өспүрүм өз жанын кыйган. Өспүрүмдөрдүн өлүмү  тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.

Маалыматка караганда өз өмүрүнө кол салгандардын 26сы бала, 20сы кыз.

«Өспүрүмдөрдүн мындай жолго баруу себептери ар кандай. Айрымдарга ата-энелердин көңүл бөлүүсү жана мээрими жетишпейт. Көптөрү туугандарындыкында жашаган. Себеби, ата-энеси же миграцияда, же ажырашып кеткен. Кээ бирөөлөрүнүн курдаштары менен келишпестиктери болгон», — дейт ал.

Эскерте кетсек,  11-февралда Бишкек шаарындагы № 16 мектекте өспүрүм окуучу асынып алды. Мектеп жетекчилиги баланын жакында эле жеке менчик мектептен которулганын жана анын ата-энеси ажырашканы жатканын айтышты.

Адистер суицидге кандай түшүндүрмө  берет?

Суици́д (лат. sui caedere — өзүн өлтүрүү) – атайын аракет кылуу менен өз жанын кыюу деген маанини берет. Сыртынан караганда адам суицидге өз каалоосу менен жана өзүнүн аракети менен баргандай көрүнөт.

Бардык жан кыюуларды чыныгы жана ашкере суицид (парасуицид же псевдосуицид) деп эки чоң топко бөлсө болот. Ашкере суицид (псевдосуицид) аффект абалында аткарылып, жанын кыюудан мурун бул жагымсыз аракетине коомдун көңүл буруусун каалайт. Муну жапакечтин айлана-чөйрөсүнөн “жардам сураган” чыңырыгы деп түшүнсө да болот. Чыныгы суицид (парасуицид) болсо жакшылап ойлонулган аракет. Анын максаты кандай болбосун жанын кыюу.

Abal.kg