Саясат

Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусунан кийин Кылычбек Саркабаев кызматтан убактылуу четтетилди

арызынын негизинде кызматтан убактылуу четтетилди.

Укук коргоо органдары Кылычбек Саркарбаевге каршы кайрылуу боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошого байланыштуу чечим кабыл алынат. Ал эми кызматтан убактылуу кетти.

14-февралда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке видео кайрылуу жасаган. Анда ал Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан.

Ал эми Саркарбаев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылуусунда бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн экенин билдирген.

Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусу боюнча Ички иштер министрлиги 15-февралда иликтөө баштаган. Милиция Рахманберди уулу кайрылуусунда айткан маселе боюнча ал мурда бир канчажолу суракка келгенин, бирок өзү ошол фактыны четке какканын кабарлады.

Эскерте кетсек, КР ИИМ Басма-сөз кызматы Төлөгөн Рахманберди уулунун буга чейинки жашырып келген, милицияга туура эмес көрсөтмө берген фактылардын  бардыгын ачыкка чыгарды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button