Мектеп өрттөнүп кетти

Ош облусунунун Кара-Кулжа Районуна караштуу Көө-Чаты айылында Сагындык атындагы орто мектеби толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда өрт кечээ, 17-февралда саат 23:50 чамасында башталган. Бирок өрт өчүрүүчүлөр өрт катталган аймакка 18-февралда саат 07:40 чамасында жетип барышкан. Ага чейин жергиликтүү эл өздөрү да тилсиз жоону өчүрүүгө аракет жасашкан.  Тилсиз жоону толук өчүрө алышкан эмес. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 07:45те чектөөгө алынып, саат 07:55те толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 1 бөлүм жана авариялык куткаруу унаасы менен 10 куткаруучу тартылган.

Кырсыктын кесепетинен мектептин болжол менен 500 чарчым метр аянты күйгөн. Каза болгон жана жабыркаган адамдар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Abal.kg