Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү кызматкерлер иштен четтетилди

Мамлекеттик каттоо кызматы Ош, Токмок жана Каракол шаарларынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтарынан убактылуу четтеткени тууралуу маалымат берди.

Мамкаттоо кызматы 18-февралда кабыл алынган мындай чечимди жарандарды каттоо агымынын акыркы кездери көбөйүшү жана ага байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгы менен негиздеди.

Ош шаарында ушул жылдын январь айынан 13-февралга чейин 35 895 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 3079 адам), Токмок шаарында 6745 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 714 адам) жана Каракол шаарында 3159 киши (былтыр ноябрь-декабрь айларында 345 адам) каттоого турган эле.

Эскерте кетсек, мамлекеттик каттоо кызматында буга чейин да кадрдык алмашуулар болгон.

Abal.kg