Пайдалуу кеңештер

Жигиттердин кыздарга жакпаган терс сапаттары. Билип алыңыз

8-Мартка кыздын үйүнө таң атпай колуна конфеттин кутусун көтөргөн тааныш жигит келди. Ал жигит тааныштарынын арасында ушунчалык сараң экени айтылып жүргөн. Ушундай сараң жигит кантип таң атпай куттуктаганы конфет көтөрүп келди деген ой  дароо башын аралады.

Жигит кызды жаз майрамы менен куттуктап,  колундагы кутучадан эки конфет алып берди да, андан ары башка кыздарды куттуктаганы кетти. Мындай жашоодон алынган жигиттердин окуясы көпчүлүккө тааныш болсо керек.

Психологдор кыздар, айымдар кандай жигиттерди жана мырзаларды жактырышпайт, жек көрүшөт, атайын иликтөө жүргүзүшкөн.

Келгиле анда кыздарга жакпаган жигиттердин жүрүм-туруму, сырткы келбетине көңүл буралы:

1.Жигиттердин чачынын жасалгасында көкүл коюп алгандар кыздарга таптакыр жакпайт.

2.Жарашса, жарашпаса да мурут-сакалды эрбейтип коюп, иретсиз алып жүргөн жигиттер кыздарды качырат.

3.Күндүн нурунан сактануучу көз айнек баарына эле жараша бербейт.  Жарашпаган кара көз айнек тагынган жигиттерди кыздар жактырышпайт.

4.Жигиттин укмуштай келбети, фигурасы болсо да кыска шым кийип, үстүн жылаңачтап алгандарды айымдар жактыра беришпейт. Анткени, мырзалардын да айымдар үчүн катылып, кызыктырып турган фигурасы, сыры болушу керек.

5. Социалдык желелерге унаасынын жанына мактанып сүрөткө түшкөн жигиттер кыздарга жага бербейт.

6. Кыздардыкындай узун чач койгон жигиттерди  кыздар анча жактыра беришпейт.

7. Өзүнүн кыйын, укмуш экени тууралуу футболкасында жазып, кийип жүргөн жигиттерди кыздар жек көрүшөт. Эгерде ушундай жазуусу бар кийимиңиз болсо дароо жок кылыңыз.

8. Жарашса, жарашпаса да мода кууп, күзгүнү улам каранган жигиттерди жаман көрүшөт.

9. Эгерде чачы түшө баштаса, аны  башынын капталындагы чачын өстүрүп жашырып жапкан мырзалар да айымдарга жакпайт.  Анткени түшкөн чач, башынын таз экени баары бир жалтырап көрүнүп турат.

10. Зыкымдык, ачкөздүк, ичи тарлык мырзаларга тиешелүү сапат эмес. Зыкым эркектерди кыздар жактырышпайт.

11. Аялдарды аябаган, орой, кам көрбөгөн, өзүмчүл мырзалар айымдарга жакпайт.

12. Кээде турмушка чыккандан кийин аялдар күйөөсүн мойнуна мингизип, көтөрүп алышат. Аялдар алсыз болгусу келет.  Бактылуу аял бул күйөөсүнүн сүйүүсүнө толгон жашоодо жашайт, ал эми күчтүү аял күйөөсүнүн алсыздыгын белгилейт.

13. Чечкинсиз эркектер аялдарга жакпайт. Эч нерсени өз алдынча чече албай ар дайым бирөөлөрдүн кеңешин уккан жигиттерден качуу керек.

14. Тырмагы, кийими дайыма кир,  тер жыттанып, чачы майланышып, өз убагында жуунбаган жигиттерден качуу керек.

15. Аялга атаандашкан, аны көрө албаган, ийгилигине ичи тардык кылган мырзалар эч качан аялдарды бактылуу кыла албайт.

16. Мактанчаак, калп сүйлөгөн,  сөгүнгөн, уят сөздөрдү көп айткан, убадасына турбаган, алдаган жигиттерди  айымдар жек көрушөт.

17. Өзү жана өзүнүн жеке маселелери тууралуу гана айтып, айымдардын сөзүн укпаган, “мен-мен” деген жигиттер да айымдарды качырат. Андан тышкары сексуалдык дарамети менен мактанган жигиттерден айымдар жаа бою качышат.

18. Аялын же мурдагы сүйгөн кызын жамандаган эркектерди айымдар кечиришпейт.

19. Өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга койгон, аялдыкын экинчи же үчүнчү орунга койгон жигиттерден качуу керек.Аялдарга жакпаган нерсени мажбурлап, кыйнап жасаткан, кызганган жигиттерден качуу керек. Анткени ал айымды эч качан бактылуу кыла албайт.

20. Бир убакта бир нече аялды сүйүү мүмкүн эмес. Сүйүүдө туруксуз эркектер айымдардын көңүлүн оорутат. Андыктан мындай эркек менен түбөлүк жашоо тозоктун тозогу.

Эгерде айымдардын жүрөгүн багындыргыңыз келсе ушул адаттардан алыс болушуңуз керек!

Айымдар, сиздерге  мырзалардын кайсыл сапаты жакпайт, ой бөлүшүңүз!

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button