Самара Каримова мырзаларды куттуктап, кайра аларды шылдыңдады

КР Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу. Бул баракчада миллиондон ашык катталуучусу бар. Ал бүгүн  чыныгы мырзаларды Ак калпак майрамы менен куттуктап, билдирүү жазды:

“Бүгүн чыныгы эр жүрөк кыргыз мырзаларыбыздын майрамы! Эр жигиттин белгиси бирде жигит, бирде кул дегендей, урматтуу достор чыныгы мырзалар кандай болуш керек?

Акыркы күндөрү бир, эки мырзалар жаңы аккаунт ачып, экран артында аял затына кошулуп, ушак кылып олтурат ээх мырзалар, мырзалар. Юбка кийген катын чалыш ушакчы эркектер бүгүнкү майрамды тим эле койгула”,- деп жазды.

Эскерте кетсек, Самара Каримова ар бир кыймыл-аракетин интернет баракчасына жазып турат. Арасында ага карата ар кандай сын-пикирлер жазылат, балким ырчы айым ошондой сындарга карата таарынычын жазса керек.

Abal.kg