Саясат

Депутат Алмазбек Акматов тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы тууралуу нааразычылыгын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов парламенттин кезектеги жыйынында  региондордон келген кайрылуулар тууралуу маселени айтты.

Депутаттын айтымында жакында эле тейлөөчү кызматкерлердин айлык маянасы көтөрүлгөн, бирок айрымдары мурдагыдай эле жарыбаган акча алып жатканы боюнча арызданышкан.

Алмазбек Акматов: “Шайлоочулар менен жолугушууда, мага региондордон көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Мына, жакында эле Өкмөттүн токтомуна ылайык 2020-жылдын 1-январынан тейлөөчү кенже кызматкерлердин (техобслуживающий персонал) эмгек акысы 2 эсе көтөрүлдү. Албетте, бул мактооого аларлык жакшы иш болду. Бирок, бул токтомго бардык мекемелер камтылган эмес. Мага келген кайрылуулар боюнча, билим берүү мекемелери дагы бул токтомго кирбей калган. Бул жердеги тех кызматкерлердин айлык акылары 1500-2000 сомдун тегерегинде экен. 2019-жылдын 1-октябрында мугалимдердин, китепканачы, лаборанттардын айлыгы 30% көтөрүлгөндө дагы, тех кызматкерлердин маянасы каралбай калып калган. “Элге берген куруттан, бизди неге куруткан” – деп нааразычылыктарын билдирип жатышат.

Ушундай эле кайрылуу менен жыл боюу катаал шартта, электр энергиясы жок, цивилизациядан четте Ит-Агар, Долон, Төө-Ашууда жашап, иштеген Гидрометереологиянын кызматкерлери кайрылышты. Булардын дагы айлык акысы 2500 сомдон ашпайт. Жогорудагы токтомго бул мекеме дагы кирбей калган.

Кечээ күнү массалык маалымат каражаттарында (Акипресс) Нацстатком кыргызстандыктын орточо айлык акысы 17 172 сомду түзөт деп билдирди. Бул маалымат чындыкка дал келеби? Аталган токтомго мекемелердин бирөө кирип, бирөө кирбей калышы нааразычылыктарды пайда кылууда.

Мен түшүнүп турам, бюджетте каражат тартыш, бирок бардык иштеген адамдардын, кызматкерлердин эмгектери бирдей бааланышы керек.  Эмне себептен бир катар мекемелер бул токтомго кирип, кээ бирөөлөр кирбей калган?”- деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулаган эле. 

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button