СССРдин акыркы маданият министри артист, кинорежиссер Николай Губенко ооруканада

Советтер Союзу менен Россиянын театр жана киноактёру, кинорежиссёр, сценарист,  СССРдин акыркы маданият министри (1989-1991), ушул тапта Москва шаардык думасынын председателинин орун басары Николай Губенко менен совет доорунун популярдуу киноартисти, жубайы Жанна Болотова экөө  Коммунаркадагы инфекциялык  ооруканага пневмония деген диагноз коюлуп жаткырылды.

Жубайлар  коронавирус инфекциясына тапшырылган тесттин тыянагын күтүп жатышат.

Николай Губенко 79 жашта. «Содружество актёров Таганки» театрынын негиздөөчүсү жана 1992-жылдан тартып көркөм жетекчиси.  РСФСРдин эл артисти (1985).

Губенко-киноактер “Первый курьер”, “Пароль не нужен”,  “Они сражались за Родину”, “Дворянское гнездо” сыяктуу советтик доордун популярдуу фильмдерине, кинорежиссер катары “Подранки”, “Прошу слова”, “И жизнь, и слезы, и любвь” ж.б. у. с. эларалык жана советтик байгелерге татыган  фильмдерди тарткан.

Abal.kg