«Лещенкодон жуктурушту»: Арасында Алла Пугачева менен Андрей Малахов да болушу мүмкүн
Лещенкодон жуктургандардын арасында Алла Пугачева да болушу ыктымал – Утро. ру.
Орус шоу-бизнесинде дүрбөлөң. Адегенде коронавирус Лев Лещенкодон чыкты, а эми оорунун симптомдору Игорь Николаевден баамдалууда. Жуктуруп алуу коркунучуна кабылгандардын арасында бир топ атактуулар бар – алардын бири 70 жаштагы Алла Пугачева. Түзүлгөн кырдаалга Ксения Собчак комментирий берди. Собчак бүт атактуулардын баары Лев Лещенкодон жуктурду деп эсептейт. «Шоубиздин тусовкасында дүрбөлөң: Крутойдун эжесинин туулган күнүндө баары Лещенкодон жуктурду», — деп айтып берген журналистка (Собчак) «Кровавая барыня» телеграм-каналына.
Потенциалдуу жуктургандардын тизмесинде Лев Лещенко менен контактта болушкан жылдыздар бар. Лещенкодон коронавирус табылды. Ден соолугу начарлаганга чейин, ал Игорь Крутойдун эжесинин тойчугуна катышкан; Андрей Малаховдун көрсөтүүсүнө барып тартылган. Лещенкодон ондогон кишилер жуктуруп алышы мүмкүн. Алардын арсында Лариса Рубальская, Андрей Малахов, Ангелина Вовк, Геннадий Хазанов бар. Игорь Крутойдун үй-бүлөөсү бүт жугузуу коркунучунун алдында калды.
27- мартта Vazhno.ru маалымат порталына чыккан материалдын негизинде даярдалды.
Abal.kg